Германияда 21 балага жаңылыш дозада вакцина берилди
Германиянын Ганновер шаарындагы эмдөө борборунда балдарга Ковид - 19 вакцинасынын чоң кишилерге берилүүчү дозанын берилгени белгилүү болду.
Германиянын Ганновер шаарындагы вакцина борборунда балдарга Ковид - 19 вакцинасынын чоң кишилерге берилүүчү дозанын берилгени белгилүү болду.
Зоопаркта ачылган вакцина борборундагы жаңылыштыктан улам 21 балага чоң кишилердин вакцина дозасы берилген.
Ганновер саламаттыкты сактоо директорлугунун жетекчилери окуя байкалгандан кийин үй - бүлөлөргө телефон чалып, кечирим сурады жана балдардын вакцинадан терс таасирленишинин күтүлбөгөндүгүн жарыялады. Бирок үй - бүлөлөр балдарынын ден соолугуна көз салууну талап кылышты.
Райондун губернатору Стеффен Крач катачылыктын кайталанбашы үчүн иликтөө башталганын жана катуу көзөмөл киргизилгенин жарыялады.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.