ЦРУнун  Данияда жүргүзгөн психологиялык  тесттерде жетим балдарды колдонгондугу айтылууда

Бала кезинде эксперименттерге катышканын айткан Пер Венник электроддор менен креслого отургузулуп, бийик үндөрдү угууга мажбурланганын айтты.

1754636
ЦРУнун  Данияда жүргүзгөн психологиялык  тесттерде жетим балдарды колдонгондугу айтылууда

АКШнын Борбордук Чалгындоо Уюму ЦРУнун  Данияда жүргүзгөн психологиялык  тесттерде жетим балдарды колдонгондугу айтылууда.

Балдарга карата психологиялык зулумчулукту ашкерелеген Дания  радиосунун «Өзүмдү издөө» (The Search for Myself) даректүү тасмасына караганда ЦРУ 311 даниялык балага эксперимент жүргүзгөн.

Бала кезинде эксперименттерге катышканын айткан Пер Венник электроддор менен креслого отургузулуп, бийик үндөрдү угууга мажбурланганын айтты.

Изилдөөлөрдүн 1960 - жылдары башталганы жана эксперименттердин Даниянын борбор шаары Копенгагендеги муниципалдык оорукананын жер төлөсүндө жүргүзүлгөнү баса белгиленди.

Даректүү тасмада балдардын эксперимент үчүн ыраазычылыгынын алынбагандыгы жана «күлкүлүү нерселер» болот деп балдарды  жертөлөгө алып барышкандарына көңүл бурулду.

Тесттин максаты баланын психопатиялык сапаттары бар - жогун аныктоо болгон. Венник башынан өткөн окуяларды айтып жатып : «Бул абдан тынчсыздантуучу эле. Бул бир гана менин эмес бир топ баланын аңгемеси»,- деди.

Венник жана Улуттук архивдин билдиргенине караганда  долбоор ЦРУнун атынан иштеген Адам экологиясы фондунан колдоо алган АКШнын саламаттыкты сактоо кызматы тарабынан каржыланган.

Балдарга изилдөө учурунда же андан кийин эксперименттер эмне үчүн экени айтылбастан, 1977 – жылы даниялык психиатр Фин Шульсингер тарабынан изилдөөнүн чоо - жайын камтыган диссертация жарыяланган.



Тектеш кабарлар