Сомалиде катуу кургакчылык

Жер которгон сомалиликтердин тез арада сууга, тамак-ашка, чатырларга жана медициналык жардамга муктаж экени белгиленди.

1754759
Сомалиде катуу кургакчылык

Чыгыш Африка өлкөсү Сомалиде кургакчылыктан улам 2 күндө 2 миңден ашуун киши көчүүгө аргасыз болду.

Бириккен Улуттар Уюмунун Гуманитардык координация кеңсесинин (OCHA) Твиттер баракчасындагы билдирүүдө Сомалидеги катуу кургакчылыкка көңүл бурулду.

Билдирүүдө: «Кургакчылыктан улам Банадир жана Сомали аймактарына акыркы 2 күндө 2 миңден ашуун киши баш калкалады»,-деп кабарланды.

Катуу кургакчылыктын өлкөдөгү жашоого терс таасирин тийгизгени, акыркы бир жумада 20 миңден ашуун кишинин көчүүгө аргасыз болгону белгиленди.

Кургакчылыктан улам элдин мал жандыктарынан жана башка оокаттарынан ажырап, көчүп кеткендердин саны көбөйө турганы айтылды.

Жер которгон сомалиликтердин тез арада сууга, тамак-ашка, чатырларга жана медициналык жардамга муктаж экени белгиленди.

Сомалиде өкмөт өлкөдөгү кургакчылыктын өлүмгө алып келген кесепеттеринен улам 10-ноябрда глобалдык жардамга чакырып, жалпы өлкөдө улуттук “өзгөчө кырдаал” жарыялаган.

Келерки жылы 7,7 миллион Сомали жараны кургакчылыктан улам гуманитардык жардамга муктаж болушу мүмкүн.

2011-жылдагы кургакчылык жана азык-түлүк кризисинен улам Сомалиде болжол менен 260 миң киши каза тапкан.



Тектеш кабарлар