Путинден Байденге кызмататшуу билдирүүсү

Россиянын президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденди өлкөлөрүнүн ортосунда конструктивдүү кызматташтыкты түзүүгө чакырды

1754813
Путинден  Байденге кызмататшуу билдирүүсү

Россиянын президенти Владимир Путин Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байденди өлкөлөрүнүн ортосунда конструктивдүү кызматташтыкты түзүүгө чакырды.

Кремлден берилген  билдирүүгө караганда Путин Байденге жиберген жаңы жылдык куттуктоосунда Россия менен АКШнын аймактык жана эл аралык ырааттуулук үчүн өзгөчө жоопкерчиликти алган өлкөлөр экенин белгиледи.

Путин эки өлкөнүн адамзат алдында турган көптөгөн кыйынчылыктар жана коркунучтарга каршы аракеттерди бириктирүү менен конструктивдүү кызматташтыкты түзө аларын жана түзүшү керектигин айтып : «Июнь айында Женевада өткөргөн самитте түзүлгөн келишимдерибизди жана андан кийинки байланыштарыбыздын өнүктүрүлүшүндө алдыга жыла аларыбызга, бири бирибзге карата урмат – сыйдын негизинде жана бири бирибиздин улуттук уызыкчылыктарыбызга көңүл буруу менен Россия  -  Америка диалогун кура аларыбызга ишенем»,- деди.

Бир тараптан тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова да жумалык брифингинде Россия менен АКШ  делегацияларынын коопсуздук кепилдиги боюнча 10 - январда Швейцариянын Женева шаарында жолугушууну пландаганын айтты.

Россия делегациясын Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, ал эми АКШ делегациясын АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Венди Шерман жетектей турганын белгилеген Захарова, белгиленген датага альтернативанын жок экендигин айтты.

Россиядан АКШга коопсуздук кепилдиги боюнча эки долбоордун күн тартибинде экенин билдирген Захарова : «Сүйлөшүүлөрдө  АКШдан Россиянын коопсуздугу үчүн, тактап айтканда, НАТОнун чыгышты көздөй илгерилебеши жана Россияга коркунуч туудурган курал - жарак системалардын биздин чек араларыбызда жайгаштырылбашы үчүн бекем укуктук кепилдиктерди берүүнү суранабыз»,- деди.

Мындан тышкары, Захарова Европа Биримдиги менен НАТОдо Россиянын коопсуздук кепилдиги тууралуу сунуштары боюнча бирдиктүү көз караш жок экенин белгиледи.



Тектеш кабарлар