Европа Биримдиги Мьянмага курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды

Европа Биримдиги Мьянмада армиянын элге зомбулук көрсөттү деген негиз менен эл аралык жамааттын бул өлкөгө курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды.

1754733
Европа Биримдиги Мьянмага курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды

Европа Биримдиги Мьянмада армиянын элге зомбулук көрсөттү деген негиз менен эл аралык жамааттын бул өлкөгө курал эмбаргосун киргизүүгө чакырды.

Европа Биримдигинин тышкы карым  - катнаштар жана коопсуздук саясатынын жогорку өкүлү Жосеф Борелл Мьянмада аялдар менен балдар да болгон көп сандаган кишинин армия тарабынан өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабарлар боюнча маалымат берди.

Мьянмадагы аскердик режимдин 24 - декабрда аялдар жана балдар да болгон 35тен ашуун жаранды өлтүрүшү жана өрттөшүнүн кабыл алынгыс экенин белгилеген Боррел, жооптуулардын жоопко тартылышы керектигин айтты.

Боррел : "Мьянмадагы зордук - зомбулуктун күчөшүнө каршы, курал эмбаргосун кошкондо, алдын алуучу эл аралык аракеттер керек",- деди.  

Мьянмада 1 - февралдагы мамлекеттик төңкөрүштөн кийин аскердик мекемелерге жана лидерлерге каршы санкцияларды киргизгендерин жана бул өлкөгө карата каржылык жардамдарды тоңдурушкандарын эске салган Боррел, Европа Биримдигинин аскердик режимге дагы көп санкция салууга даяр экенин билдирди. Боррел гуманитардык жардам берүүнү улантышарын белгиледи.

Аскердик хунта башкарган Мьянмада армиянын 24 - декабрда аялдар жана балдар да болгон 30дан ашуун кишини өлтүрүп, денелерин өрттөп жибергени айтылган.

Мьянмада февралда армия шайланган өкмөттү кулатып, бийликти басып алгандан бери төңкөрүшкө каршы этникалык топтор менен коопсуздук күчтөрдүн ортосунда кагылышуулар улантылууда.



Тектеш кабарлар