Эфиопияда биирнчи жолу Улуттук диалог комиссиясы түзүлдү

Ноябрдан бери уланып келе жаткан кагылышуулар жүз миңдеген адамдарды жер которууга жана миллиондогон адамдарды гуманитардык жардамга муктаж кылууда.

1754706
Эфиопияда биирнчи жолу Улуттук диалог комиссиясы түзүлдү

Бир жылдан ашык убакыттан бери граждандык согуш  болуп жаткан Эфиопияда тынчтыкты орнотуу үчүн биринчи жолу Улуттук диалог комиссиясы түзүлдү.

FANA телекөрсөтүүсүнүн кабарына караганда Эфиопия парламенти комиссиянын түзүлүшүн көпчүлүк добуш менен кабыл алды. Премьер  - министр Абий Ахмед тарабынан парламентке сунушталган долбоордун кабыл алынышы менен биринчи жолу өлкөдө Улуттук диалог комиссиясы ишке киришти. 

Эфиопияда тынчтыкты камсыз кылуу максатында түзүлгөн комиссиянын 11 мүчөдөн турганы билдирилди.

Козголоңчуларды өлкөнүн түндүгүндөгү Амхара жана Афар провинцияларынан чыгарган Эфиопия Тиграй провинциясында кайрадан операция жүргүзүүнү пландабаганын жарыялаган.

Ноябрдан бери уланып келе жаткан кагылышуулар жүз миңдеген адамдарды жер которууга жана миллиондогон адамдарды гуманитардык жардамга муктаж кылууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар