Израилде бул ирет он миңдеген үндүк жок кылынды

Дыйкандар тоокторду жок кылгандан кийин өлкөдө жумуртка запасы кризиси башталды.

1753962
Израилде бул ирет он миңдеген үндүк жок кылынды

Куш тумоосунун олуттуу эпидемиясын токтотууга аракет кылган Израилде тооктордон кийин бул ирет он миңдеген үндүк жок кылынды.

Айлана-чөйрөнү коргоо министри Тамар Зандберг кечээ миңдеген турналардын өлүп калганын жана он миңдеген тооктун жок кылынганын жарыялагандан кийин бүгүн да өлкөдө он миңдеген үндүктүн жок кылынганы кабарланды.

Дыйкандар тоокторду жок кылгандан кийин өлкөдө жумуртка запасы кризиси башталды.

Премьер-министр Нафтали Беннетт улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси жана берки адистер менен жолугуп, эпидемияны алдын алуу үчүн көрүлө турган чараларды талкуулады.

Вирустун канаттуулардан адамдарга жугушу сейрек учураса да, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун маалыматы боюнча 2003-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча бул вируска чалдыккан 456 адамдын өлүмү катталган.



Тектеш кабарлар