Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму : "Омикрондун коркунучу азыр да жогору"

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Ковид  - 19дун омикрон варианты жараткан коркунучтун дагы деле «жогору» экендиги боюнча эскертти.

1754232
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму : "Омикрондун коркунучу азыр да жогору"

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму Ковид  - 19дун омикрон варианты жараткан коркунучтун дагы деле «жогору» экендиги боюнча эскертти.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун билдирүүсүндө : «Жаңы вариант омикрондун коркунучу азыр да жогору»,- деп билдирилди. Маалыматта бир топ өлкөдө омикрон вариантынын мындан мурда күчтүү болгон «Дельта» вариантын ашып өтүп, ылдам жыйылып жатканы тууралуу эскертилди.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму омикрон вариантынын АКШ, Британия жана башка бир топ өлкөдө үстөмдүк кылуучу вариантка айланганын белгилеген билдирүүсүндө «Дельта»  вариантына салыштырмалуу дагы ылдам жайылгандыгы байкалгандыгына орун берилди.

Британия, Түштүк Африка жана Даниядан келген маалыматтарга орун берилген билдирүүдө «Дельта» вариантына караганда омикрон вариантынан улам ооруканага жаткандардын саны төмөн экендиги билдирилди. Муну менен бирге вакциналардын омикрон вариантына каршы таасирдүүлүгү тууралуу дагы көп изилдөөнүн керек экендиги айтылды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму жекшемби күнү берген маалыматта бир жума мурункусуна караганда дүйнөдө Ковид  - 19 бейтаптарынын  катнашында 11 пайыздык өсүү, каза болгондордун саны 4 пайызга азайгандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар