Бразилияда селде каза болгондордун саны 21ге жогорулады

Сел апаатында үйүн жоготкондордун саны 34 163кө, эвакуациялангандардын саны 42 929га жана селден таасирленгендердин саны 471 786га жогорулагандыгы белгиленди.

1754101
Бразилияда селде каза болгондордун саны 21ге жогорулады

Бразилиянын Бахия штатында катуу жааган жамгыр себеп болгон сел апаатында каза болгондордун саны 21ге жогорулады.

Бахия штатынын жарандык коргонуу жана коргоо көзөмөлүнөн берилген маалыматта аймакта ноябрь айынан бери жаап жаткан жамгырдан улам каза болгондордун саны 21ге жеткендиги билдирилди. Маалыматта сел апаатында үйүн жоготкондордун саны 34 163кө, эвакуациялангандардын саны 42 929га жана селден таасирленгендердин саны 471 786га жогорулагандыгы белгиленди.

15 миллиондон ашык калкы бар штатта селден улам өзгөчө кырдаал жарыяланган шаарлардын саны 136га жетти.

Бахия штатынын губернатору Руи Коста табият кырсыгы менен Ковид-19дун провинцияга бир убакта таасир тийгизгенин, түштүктөгү кээ бир шаарларда бардык  дары - дармектер менен вакциналардын жараксыз болуп калганын айткан.

Бразилиянын Бахия штатынын түштүгүндө өткөн аптадан бери жааган жамгырдан улам пайда болгон сел апаатында 37 шаардын толугу менен суу астында калганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар