Австрияда түрктөр эң көп вакцина алган чет элдик топ болду

Австрия Статистика мекемеси өлкөдө жашаган чет элдиктердин арасындагы вакцина алуу катнашын иликтеп чыкты

1754155
Австрияда түрктөр эң көп вакцина алган чет элдик топ болду

Австрияда түрктөр 73 пайыз менен Ковид  - 19га каршы эң көп вакцина алган топ болду.

Австрия Статистика мекемеси өлкөдө жашаган чет элдиктердин арасындагы вакцина алуу катнашын иликтеп чыкты.

Мекемеден берилген маалыматта Түркияда туулуп жана Австрияда жашаган түрктөрдүн 73, 2 пайыз менен эң жогорку вакцина катнашына ээ топ экендиги билдирилди. Түрктөрдөн кийин кезеги менен чехтер, немистер жана афгандар келди.

Австрия жарандарынын 69, 5 пайыздык катнашта вакцина алгандыгы белгиленген изилдөөдө чет элдик жарандардын арасында вакцина катнашынын 51, 5 пайыз экендиги белгиленди.

Саламаттыкты сактоо министри Вольфганг Мукштейн изилдөөгө байланыштуу билдирүүсүндө, калктын болжол менен 30 пайызы эмделбеген өлкөдө статистикалык маалыматтардын көп жагынан маанилүү экенин белгилеп : "Сандар бизге кайда барышыбыз керектигин көрсөтүүдө",- деди.  



Тектеш кабарлар