КМШ лидерлеринин коронавируска байланыштуу саммити өттү

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн саммитке Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров да катышты.

1753885
КМШ лидерлеринин коронавируска байланыштуу саммити өттү
BDT ülkeleri gayriresmi zirvesi 1.jpg
BDT ülkeleri gayriresmi zirvesi 2.jpg
BDT ülkeleri gayriresmi zirvesi 3.jpg

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына каршы күрөшүү боюнча бейформал саммит өткөрүштү.

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн саммитке Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым Комерт Токаев, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Имомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердимухамедов жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Орусиянын президенти Владмир Путин өз сөзүндө быйыл КМШнын түзүлгөнүнө 30 жыл толгонун белгилеп: «Акыркы жылдарда көп нерселер кескин өзгөрдү. Муну менен бирге коомчулук албетте зарыл болгон жерде түзүлүп, биздин өлкөлөрдүн коопсуздугунун камсыз кылынышы тармагында жана экономика тармагында да интеграция ар кандай өңүттөн тереңдегенин белгилей кетким келет»,-деди.

Советтер Союзунан калган карым-катнаштардын «оң» роль ойногондугун баса белгилеген Путин, мунун Ковид-19 мезгилиндеги кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бергенин баса белгиледи.

Владимир Путин:«Орусия бул мамилелерди ар дайым колдоп келген жана келечекте да колдоо көрсөтөт”,-деп айтты.



Тектеш кабарлар