Иракта ДЕАШ кол салды

Кол салууда 3 адам каза болду.

1753625
Иракта ДЕАШ кол салды

Ирактын Салахаддин шаарында террордук уюм ДЕАШ тарабынан бир полициялык көзөмөлдөө пунктуна  жасалган кол салууда 3 адам каза болду.

Коргоо министрлигинин Коопсуздук медиа желесинен берилген маалыматта Салахаддин шаарынын Тертар аймагында полиция көзөмөлдөө жерине куралдуу кол салуу жасалгандыгы белгиленди.

Террордук уюм ДЕАШтын мүчөлөрү колдонгон унаадан көзөмөлдөөчү жерге автоматтык куралдар менен кол салгандыгы билдирилип, кол салууда 3 адамдын каза болгондугу, 4 кишинин да жаракат алгандыгы маалымдалды. Кол салуудан кийин террористтердин ылдам алыстагандыгы, аймакка көп сандаган коопсуздук күчүнүн жиберилгендиги билдирилди.

 



Тектеш кабарлар