Бразилиядагы селдин кесепети

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Бахия аймагындагы 37 шаар суу астында калды.

1753590
Бразилиядагы селдин кесепети

Бразилияда селден каза болгондордун саны 20га жетти.

Өлкөнүн түндүгүндө жайгашкан Бахия аймагындагы 37 шаар суу астында калды.

Жетекчилер апааттан жабыркаган 430 миң 869 кишинин 16 миңинин турак-жайсыз калганын, 19 миң 580 кишинин аймактан эвакуацияланганын билдиришти.

Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Бахия аймагында эки дамба урап, дамбага жакын жашагандар эвакуацияланууга чакырылды. 

Өлкөдө селден улам 72 шаарда өзгөчө кырдаал жарыяланды.


Этикеткалар: #Бразилияда селден

Тектеш кабарлар