АКШга эвакуацияланган ооган балдар

Эвакуацияланган балдар үй-бүлөлөрү менен жолугуша алабы же жокпу азырынча белгисиз.

1753368
АКШга эвакуацияланган ооган балдар

Ооганстандан Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) барган оогандардын арасында үй-бүлөсү жок эвакуацияланган 1450дөй бала бар.

Август айында талибдер Ооганстанды басып алгандан кийин 100 миңден ашуун ооган жараны АКШга эвакуацияланган.

АКШнын Саламаттыкты сактоо жана калкты тейлөө департаментинин маалыматы боюнча бул өлкөгө 1450дөй ооган бала үй-бүлөсү жок алынып барылды.

Жетекчилердин айтымында, эвакуацияланган балдардын айрымдары АКШда демөөрчүлөр жана башка туугандары менен жашашат, 250дөй бала болсо дагы эле өкмөттүн көзөмөлүндө.

Эвакуацияланган балдар үй-бүлөлөрү менен жолугуша алабы же жокпу азырынча белгисиз.

Каостук чөйрөдө ишке ашкан эвакуациялар учурунда балдардын бир бөлүгү үй-бүлөсүнөн ажырады, кээ бир үй-бүлөлөр Хамид Карзай эл аралык аэропортуна жасалган террордук кол салууда каза болушту. 



Тектеш кабарлар