Жапонияда катуу бороон: 100дөн ашык каттамдар токтотулду
Өлкөнүн эң ири эки авиакомпаниясы 100дөн ашык каттамдар токтотулганын жарыялашты.
Жапониянын түндүк жана батыш аймактарында таасири күчөгөн калың жааган кар аба транспортуна да терс таасирин тийгизди.
Өлкөнүн эң ири эки авиакомпаниясы 100дөн ашык каттамдар токтотулганын жарыялашты.
ANA Airlines жергиликтүү убакыт боюнча саат 13.00гө карата болжол менен 5100 жүргүнчүгө таасир эткен 77 каттамдын жокко чыгарылганын жарыяласа, Japan Airlines саат 10.00гө карата 1810 жүргүнчүгө тиешелүү 35 каттамдын жокко чыгарылышына чечим чыгарылганын жарыялады.
Жапониянын метеорологиялык агенттиги (JMA) коомчулукка дем алыш күндөрү өлкөнүн түндүк жана батыш аймактарында, өзгөчө Жапон деңизинин жээгиндеги аймактарда калың кар жаашы күтүлүп жатканын эскертип, шаар тургундарын зарыл эмес саякаттарды кошпогондо, үйдө калууга чакырды.
Кардын бүгүн кечке чейин жаашы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.