Вагнер Малиге 500 аскер жиберди

Вагнер тобунун 500 аскери кечээ Малинин борбору Бамакого барды.

1752455
Вагнер Малиге 500 аскер жиберди

Орус жалданма күчтөрдөн турган Вагнер тобу Малиге 500 аскер жөнөттү.

Улуттук маалымат каражаттарында орун алган кабарларга караганда, орус жалданма күчтөрү Вагнер тобунун 500 аскери кечээ Малинин борбору Бамакого барды.

Бул боюнча Мали бийликтеринен азырынча эч кандай маалымат бериле элек.

Батыш өлкөлөрү биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Вагнер тобунун Малиге аскер жиберилишине каршылык көрсөтүштү. Билдирүүдө, Малиге аскерлердин жиберилиши Батыш Африкадагы коопсуздук кырдаалын начарлатышы жана адам укуктары боюнча нааразычылыктарга алып келиши мүмкүн экендиги белгиленди.

Билдирүүдө : «Улантууга боло турган тынчтык жана туруктуулукка жетүү, террор менен күрөшүү аракеттеринде Малиге жана калкын колдоого убада берген эл аралык өнөктөштөр катары Мали жерлеринде жалданма аскерлердин жайгаштырылышын катуу айыптайбыз»,- деп айтылды.

 



Тектеш кабарлар