Йеменде хусилерден 243 адам өлтүрүлдү

24 саатта Йемендин Мариб  провинциясында  хусилерге карата 42 операция жүргүзүлдү.

1752528
Йеменде хусилерден 243 адам өлтүрүлдү

Йеменде өкмөткө колдоо көрсөткөн Сауд Арабия жетектеген коалиция күчтөрү өлкөнүн Мариб провинциясында Иран колдогон хусилерге каршы операцияларда 243 куралдуу кишилердин өлтүрүлгөнүн жарыялады.

Сауд Арабиянын расмий кабар агенттиги (SPA) коалиция күчтөрүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүнө орун берди. кабарга караганда акыркы 24 саатта Йемендин Мариб  провинциясында  хусилерге карата 42 операция жүргүзүлдү. 

Бул операцияларда 243  куралдуу хусинин өлтүрүлгөндүгү, 20 аскердик унаанын да жараксыз абалга келгендиги белгиленди. Хусилерден бул тууралуу эч бир маалымат берилген жок. 

 

 



Тектеш кабарлар