Грузиянын парламент спикери отставкага кетти

Грузия парламентинин спикери Каха Кучава кызматтан кеткенин жарыялады.

1752443
Грузиянын парламент спикери отставкага кетти

Грузия парламентинин спикери Каха Кучава кызматтан кеткенин жарыялады.

Кучава бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын штаб - квартирасында өткөн пресс-конференцияда кызматынан кеткендигин билдирди.

Кучава партиянын лидерлери менен отставкага кетүү маселесин бир айга жакын сүйлөшкөндүгүн билдирди жана «Мен алыс жакка барбаймын, команданын жанында болом, партиянын саясий кеңешинде калам»,- деди.

«Грузин кыялы» партиясынын лидери Ираклий Кобахидзе Кучавага ийгилик каалады.

Кобахидзе парламенттин спикерлигине талапкер катары Шалва Папунашвилини парламентке сунуштай тургандыгын билдирди.

Кучава 2021 - жылдын 24 - апрелинде Ассамблеянын төрагалыгынан кеткен Арчил Талаквадзенин ордуна шайланган.



Тектеш кабарлар