АКШ Түштүк Африка өлкөлөрүнө саякат чектөөлөрүн жойот

Байден 21 - декабрда Африка өлкөлөрүнө саякатка коюлган чектөөнү жоюну карап жаткандарын билдирген.

1752438
АКШ  Түштүк Африка өлкөлөрүнө саякат чектөөлөрүн жойот

АКШда президент Жо Байден бакшаруусунун Ковид  - 19дун омикрон вариантынан улам Түштүк Африка жана аймактагы 7 өлкөгө карата киргизген саякат чектөөсүн 31 -  декабрдан тарта жойору билдирилди.

Америка басма сөзүнүн Ак үйдүн  жогорку мартабалуу кызматкерлерине таянып берген кабарына караганда Байден башкаруусу омикрондон улам 8 Африка өлкөсүнө алып келген саякат чектөөсүн жойот.

Омикрон варинатынын АКШда ылдам жыйылгандыгын жана үстөмдүк кылуучу вариант экендигин белгилеген жетекчилер эми бул тыюу салуунун жетерсиз экендигин айтышты.

АКШнын Түштүк Африка, Ботсвана, Зимбабве, Намбия, Лесото, Эсватини, Мозамбик жана Малавиге киргизген саякат чектөөлөрү 31-декабрдан тарта жоюлат.

Аталган чектөөнүн алкагында АКШнын жараны же резидент эмес кишилер бул өлкөлөрдөн АКШга бара алышпайт.

Байден 21 - декабрда Африка өлкөлөрүнө саякатка коюлган чектөөнү жоюну карап жаткандарын билдирген.



Тектеш кабарлар