Иран менен Азербайжан карым - катнаштарда жаңы бет ачуу чечимин чыгарышты

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян твиттерден берген маалыматында 22 -  декабрда Азербайжандын борбор шаары Бакуга жасаган расмий сапары тууралуу баа берди.

1752359
Иран менен Азербайжан карым  - катнаштарда жаңы бет ачуу чечимин чыгарышты

Иран Азербайжан менен карым  - катнаштарда жаңы бир бет ачуу чечимин чыгаргандарын жарыялады.

Ирандын тышкы иштер министри Хүсейин Эмир Абдуллахиян твиттерден берген маалыматында 22 -  декабрда Азербайжандын борбор шаары Бакуга жасаган расмий сапары тууралуу баа берди.

Абдуллахиян : «Баку сапарында карым  - катнаштарда жаңы бир бет ачуу туурлуу келишим түздүк. Урматтуу президент Илхам Алиев менен өткөн жолугушууда карым  - катнаштардын жол картасы мыкты сызылды. Кесиптешим Жейхун Байрамов жана Улуттук Парламенттин  спикери Сахибе Гафарова менен да пайдалуу сүйлөшүү өткөрдүм»,- деди.

Ирандын тышкы иштер министри Абдуллахиян коңшулар менен карым  - катнаштарга алдыңкылык берүүнү улантышарын белгиледи.



Тектеш кабарлар