ЙПГ/ПКК 3 инженер менен 1 шоферду камакка алды

Ирандыктар менен сириялык шофердун кайда кармалгандыгы азырынча белгисиз.

1752129
ЙПГ/ПКК 3 инженер менен 1 шоферду камакка алды

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын түндүк чыгышында Хасеке облусундагы суу тазалоочу жайга барган ирандык 3 инженер менен 1 сириялык айдоочуну камоого алды.

Камышлы аэропортунан Хасекедеги бир суу тазалоочу жайга бара жатканда ирандык 3 инженер жана аларды коштогон 1 сириялык шофер ЙПГ/ПКК  террористтери тарабынан токтотулуп, камакка алынды.

Окуядан кийин Хасекеде Башар Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактардагы Иран колдогон топтор камакка алынгандардын бошотулушу үчүн Россиянын кийлигишүүсүн  суранган бирок ушул кезге чейин Россиянын аракеттери жыйынтыксыз болду.

Ирандыктар менен сириялык шофердун кайда кармалгандыгы азырынча белгисиз.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК жана Асад режими Хасеке шаарын бирдикте башкарууда. Хаседеке режимдин көзөмөлүндөгү аймактарда орус аскелери менен бирге Иран колдогон террордук топтор менен борбору Ливан болгон Хизуллах элементтери бар.



Тектеш кабарлар