Бангладеште жүргүнчү кемесинде өрт: 38 адам каза болду

Бангладештеги Суганда дарыясында жүргүнчү кемесинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.00дөр чамасында өрт чыкты.

1751959
Бангладеште жүргүнчү кемесинде өрт: 38 адам каза болду

Түштүк Азия өлкөсү Бангладештин түштүгүндөгү Суганда дарыясында жүргүнчү кемесиндеги өрттүн кесепетинен 38 адам каза болду.

Бангладештеги Суганда дарыясында жүргүнчү кемесинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 03.00дөр чамасында өрт чыкты.

Жалакати аймагынын өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкери Калам Хоссейн Бхуиян билдирүүсүндө: «Учурда 38 адамдын сөөгүн чыгардык»,- деди.

Паромдун борбор шаар Даккадан Баргунага баратканын белгилеген Бхуиян, өрттүн мотор бөлмөсүнөн чыкканын айтты.

Жалакати аймагынын жетекчиси Зохор Али болсо 50дөн ашуун кишинин ооруканага жаткырылганын жана алардын айрымдарынын абалы оор экенин белгилеп, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экенин кабарлады.

Кээ бир жүргүнчүлөрдүн дагы деле дайынсыз болуп жатканы билдирилди.

Өрттүн себеби азырынча белгисиз. Издөө-куткаруу иштери болсо уланып жатат. Кемеде 500дөй адам болгон.



Тектеш кабарлар