Нигерия бир миллиондон ашык доза вакцинаны жок кылды
AstraZeneca вакцинасынын 2,6 миллион дозасынын көбүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткени билдирилди.
Нигериянын өкмөтү, Ковид-19га каршы күрөшүүнүн алкагында өлкөгө жөнөтүлгөн мөөнөтү өтүп кеткен бир миллиондон ашык AstraZeneca вакцинасын жок кылды.
Улуттук азык-түлүк, дары-дармектерди башкаруу жана көзөмөлдөө борборунун (NAFDAC) директору Мохисола Адейе 11-19-октябрда өлкөгө жөнөтүлгөн AstraZeneca вакцинасынын 2,6 миллион дозасынын көбүнүн жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткенин билдирди.
Өлкөдө мөөнөтү аяктаган 1 миллион 66 миң доза AstraZeneca вакцинасынын жок кылынганын белгилеген Адейе: «Бир нече сыноолор жүргүзүлгөндөн кийин вакцинаны жок кылуу чечими кабыл алынды. Нигериялыктарды зыяндан коргоо үчүн жок кылуу керек»,-деди.
Нигериянын Улуттук Саламаттыкты сактоо Агенттигинин (NPHCDA) директору Файзал Шуайб, өкмөттүн мындан ары жарактуулук мөөнөтү кыска вакциналарды кабыл албай турганын билдирди.