Байден ден соолугу жакшы болсо 2024-жылы кайрадан талапкер болот
Байден ABC телеканалына маек куруп берди.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден ден соолугу жакшы болсо 2024-жылдагы президенттик шайлоо үчүн кайрадан талапкер болууну пландап жатканын билдирди.
Байден ABC телеканалына берген маегинде, кайрадан талапкер болууну ойлоп же ойлобогондугу жөнүндөгү суроого: «Мен тагдырды абдан сыйлаган адаммын. Тагдыр менин жашоомдо көп жолу көрүндү. Азыркыдай ошол кезде да ден соолугум жакшы болсо кайрадан талапкер болом»,- деп жооп берди.
Байден алып баруучу Дэвид Моирдин «АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп менен кайрадан атаандашууну каалайсызбы же жокпу» деген суроосуна болсо: «Эгерде Трамп талапкерлигин көрсөтсө, эмне үчүн ага каршы ат салышпашым керек. Бул жарыштын күтүүсүн арттырат»-деп жооп берди.
Ак үй буга чейин да 2024-жылы 81 жашка чыга турган Байдендин кайрадан президенттикке ат салышууга ниеттенип жатканын билдирген болчу.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.