Лондондогу Беларусь Элчилигине кол салуу болду

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кол салууда дипломаттын мурду жана тиштери сынган.

1750226
Лондондогу Беларусь Элчилигине кол салуу болду

Беларустун Лондондогу элчилигине кол салуудан бир дипломат жарадар болуп, элчиликтин имараты зыян тартканы маалымдалды.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кол салууда дипломаттын мурду жана тиштери сынган.

Окуядан кийин «Надзея» аттуу радикалдык иммигрант тобуна таандык экени болжолдонгон кол салгандардын айрымдарынын камакка алынганы белгиленди.

Фейсбукта ушундай эле аталыштагы топ былтыр Беларусь бийлигине каршы массалык нааразылык акцияларында оппозицияны колдоо үчүн түзүлгөн.

Элчиликке кол салуу боюнча «толук иликтөө» өтүнүчү британиялык дипломатка жөнөтүлгөнү жарыяланды.



Тектеш кабарлар