АКШда Omicron варианты күч алды

Омикрондун дельтаны жана берки варианттарды артта калтырып, өлкөдө үстөмдүк кылуучу вариант болуп калганы айтылды.

1750403
АКШда Omicron варианты күч алды

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) коронавирустун (Ковид-19) Омикрон варианты, бейтаптардын 73 пайызында аныкталды.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун (CDC) билдирүүсүндө, өлкөдө омикронго чалдыккандардын саны бир жумада 6 эсеге көбөйгөнү маалымдалды.

Омикрондун Нью-Йорк аймагында, Түштүк-Чыгыш, Орто-Батыш жана Тынч океандын түндүк-батыш аймактарында бейтаптардын 90 пайызында табылганы, ал эми варианттын өлкө боюнча 73 пайызында аныкталганы белгиленди.

Билдирүүдө омикрондун дельтаны жана берки варианттарды артта калтырып, өлкөдө үстөмдүк кылуучу вариант болуп калганы айтылды.

АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлорунун көрсөткүчтөрүнө караганда, өткөн аптада АКШда 650,000ден ашык омикрон учурлары аныкталды. Ноябрь айынын акырына чейин учурлардын 99,5 пайызы дельта варианттары эле.



Тектеш кабарлар