Филиппинди «Рай» тайфуну кыйратып өттү

Би-Би-Синин кабарына караганда ылдамдыгы саатына 195 километрге жеткен тайфун көптөгөн аймактарда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жана олуттуу кыйроого алып келди.

1749486
Филиппинди «Рай» тайфуну кыйратып өттү

Филиппиндин борбордук жана түштүк-чыгыш аймактарын каптаган «Рай» тайфуну себеп болгон апаатта каза болгондордун саны 75ке жетти.

Би-Би-Синин кабарына караганда ылдамдыгы саатына 195 километрге жеткен тайфун көптөгөн аймактарда электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына жана олуттуу кыйроого алып келди.

Өлкөнүн борбордук жана түштүк-чыгышында таасирдүү болгон тайфундан улам пайда болгон сел, катуу бороон жана кыйроолордо каза болгондордун саны 75ке жетти.

Тайфундан пайда болгон нөшөрлөгөн жамгыр жана бороон бак-дарактар ​​кулап, сел жүрүп, көптөгөн айылдарда үйлөр жана жолдор бузулду.

Кырсыктан болжол менен 780 миң киши жабыркап, 300 миң айыл тургуну эвакуацияланып, коопсуз аймактарга баш калкалаганы белгиленди.

Филиппин армиясы чукул жардам жана издөө-куткаруу иштерине колдоо көрсөтүү үчүн аймакка аскерлерин жөнөттү.

Аймакта иликтөөлөрдү жүргүзгөн президент Родриго Дутерте 40 миллион доллар жардам берилерин жарыялады.



Тектеш кабарлар