Мексикада фейерверк чыгаруучу жайда жарылуу болду

Жарылуудан көп сандаган адамдар жабыркады.

1744555
Мексикада фейерверк чыгаруучу жайда жарылуу болду

Мексиканын Пуэбла аймагында мыйзамсыз фейерверк чыгарган жайда болгон жарылууда 2си бала 6 киши көз жумуп, көп сандаган киши жаракат алды.

Пуэбланын саламаттыкты сактоо министри Ана Люсия Хилл, Пуэбла шаарынын борборунан чыгышта жайгашкан фейерверк заводунда жарылуу болгонун билдирди.

Хилл жарылуудан 2си бала 6 кишинин каза болгонун жана көп сандаган адамдардын жаракат алганын айтты.

Пуэбланын губернатору Мигель Барбоза да бул заводдун мыйзамсыз иштегенин жана фейерверктердин эч кандай эсеби жок экенин билдирди.

Улуттук гвардиянын окуя болгон жерден берген фотосүрөттөрүндө жарылуунун таасири менен бул жайдын урандыга айланганы, жакын жердеги унаалар күйүп, үйлөрдүн дубалдары жабыркаганы байкалды.

Мексиканын мыйзамдарына ылайык, фейерверк сыяктуу буюмдарды жасоо же сатуу менен алектенген ишканалар үчүн Коргоо министрлигинин уруксаты талап кылынат.



Тектеш кабарлар