Индиянын Башкы штаб башчысын ташыган тик учак кырсыкка учурады
Индиянын Аскердик Аба күчтөрү Твиттерде Башкы штабдын башчысы Раватты ташыган IAF Ми-17V5 тик учагы Тамил Надуга жакын жерде кулаганын жарыялады.
Индиянын Башкы штабынын башчысы генерал Бипин Раватты ташыган аскердик тик учактын кырсыкка кабылганы жарыяланды.
Индиянын Аскердик Аба күчтөрү Твиттерде Башкы штабдын башчысы Раватты ташыган IAF Ми-17V5 тик учагы Тамил Надуга жакын жерде кулаганын жарыялады.
Индиянын мамлекеттик телеканалы Прасар Бхарати жергиликтүү тургундардын өрттөнүп жаткан тик учакты өчүрүүгө аракет кылып жатканын көрсөтүп, жарадар болгон үч кишинин тең ооруканага жеткирилгенин билдирди.
Индиянын Press Trust маалымат агенттиги тик учак аба күчтөрүнүн базасынан аскердик мектепке бара жатканын билдирди.
Кырсыктын себептерин аныктоо үчүн иликтөө иштери башталды.
Тектеш кабарлар
НАТО өлкөлөрү Украинага абадан коргонуу системалары тууралуу жардам берет
НАТО - Украина кеңеши коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн жыйын өткөрдү.