АКШ Сириядагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК менен куралдуу машыгуу өткөрүүдө

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрү Дейр-эз-Зордун батышында жайгашкан Абу Хасеб чөлүндө террористтер менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү.

1744846
АКШ Сириядагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК менен куралдуу машыгуу өткөрүүдө

Сириядагы жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга куралдуу машыгуусун уланткан Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) армиясы Дейр эз-Зор облусунун батышында террордук уюм менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, АКШ күчтөрү Дейр-эз-Зордун батышында жайгашкан Абу Хасеб чөлүндө террористтер менен биргелешкен аскердик машыгуу өткөрдү.

3 танк жана бир нече брондолгон унаа менен жүргүзүлгөн машыгууда террористтерге башкарылуучу ракеталарды колдонуу боюнча да маалыматтар берилди.

Аскердик машыгуу Дейр-эз-Зор шаарынын борборуна жакын жерде, Иран колдогон террордук топтор жана орус аскерлери жайгашкан Салихийе жергесине жакын аймакта өткөнү көңүл бурду. Салихие жергеси учурда Башар Асад режиминин күчтөрүнүн көзөмөлүндө.

АКШнын атайын күчтөрү 1-декабрда Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасеке провинциясында жүздөгөн ЙПГ/ПКК террористтери үчүн дагы куралдуу машыгууларды баштаган.



Тектеш кабарлар