Иракта полициянын унаасына куралдуу кол салуу болду
Куралдуу кол салуу Ирактын Сүлейманийе шаарынын Тендеро конушунда болгон.
Ирактын Сүлейманийе шаарында аялдарга карата зордук-зомбулук тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин окуя болгон жерге жөнөтүлгөн полиция унаасына куралдуу кол салууда 1 полиция каза болуп, 3 полиция жараланды.
Куралдуу кол салуу Ирактын Сүлейманийе шаарынын Тендеро конушунда болгон.
Аялдарга карата зомбулук тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин окуя болгон жерге барган полиция унаасы бутага алынды. Кол салууда унаада болгон бир полиция башчысы каза болуп, 3 полиция жараланды. Полиция унаасы куралдуу кол салуудан кийин өрттөлгөн деп айтылды.
Кол салгандар зордук-зомбулукка кабылды делген аялдын жакындары экени жарыяланып, өздүгү такталды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.