Жен Псаки ар дайым дипломатиялык мамилени жактагандарын баса белгиледи

АКШ Ирандагы жаңы башкаруунун Австриянын борбор шаары Венадагы атомдук сүйлөшүүлөргө конструктивдүү сунуштар менен барбаганын билдирди.

1742942
Жен Псаки ар дайым дипломатиялык мамилени жактагандарын баса белгиледи

АКШ Ирандагы жаңы башкаруунун Австриянын борбор шаары Венадагы атомдук сүйлөшүүлөргө конструктивдүү сунуштар менен барбаганын билдирди.

Ак үйдүн катчысы Жен Псаки өткөргөн күнүмдүк пресс- жыйынында Иран менен болгон атомдук сүйлөшүүлөргө токтолуп, ар дайым дипломатиялык мамилени жактагандарын баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жетинчи айлампасынын Венада кечээ аяктаган жана АКШ делегациясынын Вашингтонго кайткандыгын белгилеген Псаки : «Ирандын жаңы башкаруусу Венага конструктивдүү сунуштар менен келген жок. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи алты айлампасында эң кыйын маселелерге да жаратуучу сунуштар сунушталды. Ирандын бул жумадагы мамилеси тилекке каршы калган маселелерди чечүүгө багытталган эмес»,- деди.

Ирандын жаңы айлампага баргандан мурда «атомдук провокациялардын жаңы айлампасын» баштаткандыгын белгилеген Псаки Иран тарабы баш ийген сайын АКШнын 2015 -жылы түзүлгөн атомдук келишимге баш ийүүнү улантыларын баса белгиледи.

Псаки Россиянын акыркы мезгилдеУкраина чек арасына аскер жайгаштыруусу менен аймакта күч алган чыңалууга да токтолуп, Россия Украинаны басып ала турган болсо колдорунда бир топ варианттардын бар экендигин белгиледи.

Бул тууралуу өнөктөш жана союздаштары менен жакын байланшта экендерин айткан Псаки : «Экономикалык санкция варианттарын да ойлоп жатабыз»,- деди.

Псаки Россиянын Украинанын НАТО мүчөлүгүнө каршы чыккандыгына байланыштуу : «НАТОго кимдин мүчө болору тууралуу чечимин Россия эмес, НАТО чыгарат. Өзгөчө чагымчылдыкты АКШ жана Украина эмес, Россия»,- деди.



Тектеш кабарлар