Индияда катуу жамгыр жаап 54 000адам эвакуацияланды

Бенгал булуңундагы тропикалык бороон Индиянын жээгин каптады.

1742932
Индияда катуу жамгыр жаап 54 000адам эвакуацияланды

Индиянын Андхра - Прадеш штатында нөшөрлөгөн жамгырдан улам 54 000ден ашуун адам эвакуацияланды.

Бенгал булуңундагы тропикалык бороон Индиянын жээгин каптады.

Андхра - Прадештин табигый кырсыктарды башкаруу боюнча жооптуу кызматкери Канна Бабу, катуу жамгыр жааган аймактарда өкмөт тарабынан курулган жардам лагерлерине 54 000ден ашуун кишинин эвакуацияланганын билдирди.

Аба ырайынын начардыгынан штаттын айрым аймактарында билим берүү үзгүлтүккө учурап, поезд каттамдары токтотулду.

Индиянын метеорологиялык кызматы тарабынан жасалган билдирүүдө бороондун эртеңден баштап таасирин жоготуп, Одиша штатына карай жылышы маалымдалды.



Тектеш кабарлар