Германиянын президенти үч түрктү "Ардак" медалы менен сыйлады

Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайер ийгиликтүү иштери үчүн 3 түрктү «Ардак» медалы менен сыйлады.

1742899
Германиянын президенти үч түрктү "Ардак" медалы менен сыйлады

Германиянын президенти Франк Вальтер Штайнмайер ийгиликтүү иштери үчүн 3 түрктү «Ардак» медалы менен сыйлады.

Штайнмайер Беллеву сарайында өткөрүлгөн аземде профессор доктор Ясемин Каракаш, Дервиш Хызаржы жана Тургай Тахтабашка медалдарын тапшырды.

Мигранттардын интеграциялык иштерине, аялдардын укуктарына, диндер аралык диалогго жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө кошкон салымы үчүн жалпы 15 кишинин «Ардак» медалы менен сыйланганын белгилеген Штайнмайер бул адамдарды өзгөчө эмгектери үчүн «жарык чачкан бир чырак» менен салыштырды.

60 жыл мурда келген конок жумушчулар менен балдарынын Германияны өзгөрткөнүн жана аларсыз эми Германияны элестетүү мүмкүн эмес экенин баса белгилеген Штайнмайер, коомдун кээ бир катмарынын дагы эле бул чындыкты көрмөксөнгө салганын сынга алды.



Тектеш кабарлар