Ливанда министр Кардахи отставкага кетти

Кардахи отставкага кетүү себебин маалымат министрлигинде өткөргөн пресс  - жыйында билдирди.

1742730
Ливанда министр Кардахи отставкага кетти

Ливанда билдирүүлөрү менен айрым Перс булуңу өлкөлөрүнүн бутасы болгон жана дипломатиялык кризиске жол ачкан маалымат министри Жорж Кардахи отставкага кеткенин жарыялады.

Кардахи отставкага кетүү себебин маалымат министрлигинде өткөргөн пресс  - жыйында билдирди.

«Элимдин жана өлкөмдүн кызыкчылыктары, жеке кызыкчылыктарымдан жогору»,- деген Кардахи сентябрь айында баштаган министрлик кызматынан бүгүндөн тарта отставкага кеткенин айтты.

Кардахи мүчө болгон Христиан Марада Кыймылынын лидери Сүлейман Франжие менен кеңешкенин белгилеп, Ливан калкынын жана булуңда жашаган ливандыктардын өзүнүн айынан зыянга учурашын каалабаганын айтты.

Франциянын президенти Еммануэль Макрондун чыккан Перс булуңу туруна да токтолгон Кардахи Ливан жана Перс булуңу өлкөлөрүнүн ортосундагы карым  - катнаштарды оңдоо үчүн Сауд Арабияга сапар менен бара турган Макронго колдоо көрсөтүү максатында ушундай чечим чыгаргандыгын айтты.



Тектеш кабарлар