Кытай "Boeing 737 Max" моделиндеги учактардын учушуна уруксат берди

Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгы билдирүүсүндө, учактын кырсыктарга себеп болгон автоматтык учуу башкаруу системасындагы катанын кошумча программа менен оңдолгондон кийин уча башташы мүмкүн экенин белгиледи.

1742264
Кытай  "Boeing 737 Max" моделиндеги учактардын учушуна уруксат берди

Кытай  2018 – 2019 – жылдагы адам өлүмү менен бүткөн эки  кырсыктан кийин каттамдарын токтоткон "Boeing 737 Max" моделиндеги учактардын кайрадан колдонулушуна уруксат берди.

Кытайдын Жарандык авиация башкармалыгы билдирүүсүндө, учактын кырсыктарга себеп болгон автоматтык учуу башкаруу системасындагы катанын кошумча программа менен оңдолгондон кийин уча башташы мүмкүн экенин белгиледи.

Билдирүүдө кытайлык учкучтардын коммерциялык учуулар башталардан мурда система боюнча жаңы окуудан өтүшү керектиги да маалымдалды.

Кытай АКШ, Европа, Бразилия жана Канададан кийин 737 Maxтарга кайрадан учуу уруксатын берген, масштабдуу авиация рыногу бар акыркы өлкө болду.

АКШ 2020 -  жыл декабрда, Европа болсо 2021 -  жыл январь айында, коммерциялык каттамдарды улантуу чечимин кабыл алган.

Боингдин эң көп саткан модели “737 Maxтын” учууну башкаруу системасындагы катачылык 2018 – жана 2019 -  жылы 5 айлык аралык менен 346  адам каза болгон эки трагедиялуу кырсыкка себеп болгон.



Тектеш кабарлар