Индияда жаңы тропикалык бороон боюнча эскертүү берилди

Индиянын Метеорологиялык мекемесинен берилген маалыматта катуу бороондун Андхра - Прадеш аймагында   таасирин көрсөтө баштаары белгиленди.

1742755
Индияда жаңы тропикалык бороон боюнча эскертүү берилди

Индияда айрым аймактар үчүн тропикалык бороон боюнча эскертүү берилди. 

Индиянын Метеорологиялык мекемесинен берилген маалыматта катуу бороондун Андхра - Прадеш аймагында   таасирин көрсөтө баштаары белгиленди.

Жетекчилер айрым аймактарда бороон боюнча эскертүү жарыялап билим берүүнүн токтотулгандыгын жана поезд каттамдарынын токтотулгандыгын билдиришти. 

Издөө - куткаруу топторунун жээк аймактарында күтүп тургандыгы маалымдалды. 

Окумуштуулар өлкөдө катуу шамалдын бат  - бат боло баштагандыгын жана мунун климаттык өзгөрүүгө байланыштуу болуп жаткандыгына көңүлдөрдү бурушту. 

Тропикалык бороондун Андхра - Прадеш аймагынан кийин Одсиха жана Батыш Бенгал аймактарында саатына 100 километрге барган ылдамдык менен таасирин көрсөтүүсү күтүлүүдө. 

 

 



Тектеш кабарлар