Блинкен - Бенетт телефон аркылуу сүйлөштү

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Блинкен менен Беннеттин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

1742699
Блинкен  - Бенетт телефон аркылуу сүйлөштү

Америка Кошмо Штаттарынын  мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилдин премьер - министри Нафтали Беннеттке, Израилдин эки мамлекеттүү чечим аракетин жокко чыгарган бир тараптуу кадамдардан, анын ичинде мыйзамсыз отурукташуу аракеттеринен алыс болушу керектигин айтты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Блинкен менен Беннеттин телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирди.

Прайс жолугушууга байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө буларды маалымдады : «Мамлекеттик катчы  Блинкен жана премьер-министр Беннетт АКШ менен Израилдин бекем өнөктөштүгүн ырасташты жана аймактык коопсуздук маселелерин, анын ичинде Ирандын өзөктүк программасы боюнча Иран менен Венадагы сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле Ковид  - 19 пандемиясынан улам келип чыккан глобалдык сыноолорду талкуулашты.

Мамлекеттик катчы Блинкен Израиль жана Палестина башкаруусунун чыңалууну күчөткөн жана орутукташуу иштерин алдыга жылдыруу жана сүйлөшүлгөн эки мамлекеттүү чечүүчү жол аракеттерине шек келтирген бир тараптуу кадамдардан алыс болушу керектигин баса белгиледи.

 

 

 



Тектеш кабарлар