Жапон деңизинде кеме чөгүп кетти
Сигнал алгандан кийин Япониянын Жээк коопсуздук кызматынын фрегаттары аймакка жөнөтүлдү.
Жапон деңизинде транспорттук кеменин чөгүп кетишинин натыйжасында 17 экипаж мүчөсү куткарылып, бир адам изделүүдө.
Панама желеги илинген «Houei Crystal» жүк ташуучу кемеси Жапониянын батышындагы Шимане провинциясынын жээгинде кырсыкка байланыштуу сигнал берди.
Сигнал алгандан кийин Жапониянын Жээк коопсуздук кызматынын фрегаттары аймакка жөнөтүлдү.
Транспорттук кеменин Окиносима аралынын 380 километр түндүк-чыгышында чөгүп кеткени белгиленди.
Аймакка жөнөтүлгөн Түштүк Кореянын Жээк коопсуздук кызматынын кемелери куткаруучу кайык менен чөккөндөн аман калган 17 экипаж мүчөсүнө жетти.
Жапониянын Жээк коопсуздук кызматы болсо дайынсыз жоголгон адамды издөөнү улантууда.
Чөгүп бараткан кеме Орусиянын Находка портунан Жапониянын Кинуура портуна 8 миң тонна көмүр алып бара жатканы маалымдалды.
Кораблдин бардык экипажы вьетнамдыктар экендиги белгиленди.
Тектеш кабарлар
"Вампир" өлүмчүл бактериялары
Өлүмчүл бактериялардын адамдын каны менен азыктанат деген тыянак чыгарылды.