Уолт Диснейдин тарыхында биринчи жолу бир аял төрайым болуп шайланды

Уолт Диснейге 98 жылдык тарыхында башкаруу кеңешине Сюзан Арнаольд төрайым болуп  шайланды.

1742172
Уолт Диснейдин тарыхында биринчи жолу бир аял төрайым болуп шайланды

 Дүйнөнүн эң чоң оюн – зоок  компанияларынын бири Уолт Диснейге 98 жылдык тарыхында башкаруу кеңешине биринчи жолу бир аял төрайым болуп  шайланды.

БиБиСинин кабарына караганда 14 жылдан бери Уолт Диснейде башкаруу кеңешинде кызмат кылган Сюзан Арнольд бул жылдын акырында Боб Игердин ордун алып, 98 жылдык оюн  - зоок  компаниясынын башкаруу кеңешине аял башкаруучу болот.

Арнольд  билдирүүсүндө жаңы кызматына кадам таштоо менен Дисней акционерлеринин узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына кызмат кылууну уланта турганын жана компаниянын башкы директору  Боб Чапек менен тыгыз кызматташууну чыдамсыздык менен күтөрүн айтты.

15 жылдан бери Диснейдин  жетекчилигин аткарган Боб Игер бул айдын акырында кызматынан жана компаниянын башкаруу кеңешинин төрагалыгынан да кетет.

Сюзан Арнольд мындан мурда глобалдык инвестиция Carlyle фирмасында жетекчи кызматтарды аркалаган жана Америка Кошмо Штаттарында  айрым ири компанияларда жетекчилик кызматтарды аткарган.

 

 



Тектеш кабарлар