Өткөн жылы иммигранттардын саны 281 миллионго жетти

Бул сан 2019-жылы 272 миллион, 1990-жылы 128 миллион болгон.

1742203
Өткөн жылы иммигранттардын саны 281 миллионго жетти

Өткөн жылы дүйнө жүзү боюнча иммигранттардын саны 281 миллион адамга жеткени жарыяланды.

Эл аралык миграция уюмунун Дүйнөлүк миграциялык отчетунда өткөн жылы иммигранттардын саны 281 миллион кишиге жеткени белгиленди. Бул сан 2019-жылы 272 миллион, 1990-жылы 128 миллион болгон.

Отчетко ылайык, өткөн жылы 26 миллион жаңы качкын катталып, 55 миллион адам өз өлкөлөрүнүн ичинде көчүүгө аргасыз болгон.

Ошондой эле былтыркы жылы зордук-зомбулук жана жаңжалдардан улам рекорддук сандагы адамдар үйлөрүн таштап кетишкен.

Түштүк Суданда 2 миллион, Эфиопияда 1 миллион 700 миң киши жер которгон.

Германия 16 миллион калкы менен Европадагы эң көп чет элдик иммигранттарды кабыл алган өлкө.

Отчетто 6 миллиондон ашуун качкынды кабыл алганы белгиленген Түркиянын эң көп качкынды кабыл алган 20 өлкөнүн арасында 12-орунда болгону билдирилди.



Тектеш кабарлар