Нигерияда кеме кырсыгы: 29 адам каза болду
Издөө-куткаруу иштери учурунда дагы 9 кишинин сөөгү табылганы кабарланды.
1741979
Нигериянын Кано облусунда 30-ноябрда жүргүнчү кемесинин оодарылышынын натыйжасында каза болгондордун саны 29га жетти.
Кано облусунун полиция кызматынын басма сөз катчысы Абдуллахи Киява, Багвай дарыясында оодарылып кеткен кемеде уланып жаткан издөө-куткаруу иштери учурунда дагы 9 кишинин сөөгү табылганын айтты.
Ушундайча кырсыктан каза болгондордун саны 29га жетти.
Ушул убакка чейин 9 кишинин куткарылганын түшүндүргөн Киява, издөө жана куткаруу иштеринин уланып жатканын баса белгиледи.