Япония менен АКШ кызматташууда

Япониянын деңиз күчтөрүнүн өзүн-өзү коргоо флотунун командири адмирал Юаса Хидеки менен АКШнын 7-флотунун командири адмирал Карл Томас жолугушту.

1741826
Япония менен АКШ кызматташууда

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Япониянын коргоо тармагындагы кызматташтыгынын жогорулатыла тургандыгы билдирилди.

Япониянын деңиз күчтөрүнүн өзүн-өзү коргоо флотунун командири адмирал Юаса Хидеки менен АКШнын 7-флотунун командири адмирал Карл Томас жолугушту.

АКШнын USS Carl Vinson учак конуучу кемесинде жолугушкан эки командир, бул жерде өткөргөн биргелешкен пресс-конференцияда коргоо тармагындагы кызматташтыкты баса белгилешти.

Юаса аймактык статус-квону күч менен өзгөртүү аракетинен улам деңиз коопсуздугуна коркунуч күчөп жатканын билдирди.

Япониянын деңиз күчтөрүнүн "Эркин жана Ачык Индо-Тынч океан" көз караш саясатына токтолгон Юаса, дос мамлекеттердин деңиз күчтөрү менен кызматташтыгын бекемдей тургандыктарын белгиледи.

Томас болсо күч көрсөткөн өлкөлөргө каршы союздаштарды жана дос өлкөлөрдү мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө чакырды.

Жыйындын алкагында F35C учактары учуу жана конуу жөндөмдөрүн көрсөттү.



Тектеш кабарлар