Блинкен Орусияны «Украина» боюнча эскертип «олуттуу кесепеттери» болорун айтты

Швециянын борбор шаары Стокгольмго келген Блинкен менен орус кесиптеши Сергей Лавров эки тараптуу жолугушуудан мурда басма сөзгө маалымат берди.

1742228
Блинкен Орусияны «Украина» боюнча эскертип «олуттуу кесепеттери» болорун айтты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен, Орусия Украина менен тирешүүнү уланта берсе, «олуттуу кесепеттери» болорун айтты.

Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин 28-жыйынына катышуу үчүн Швециянын борбор шаары Стокгольмго келген Блинкен менен орус кесиптеши Сергей Лавров эки тараптуу жолугушуудан мурда басма сөзгө маалымат берди.

Блинкен Орусиянын Украина чек арасына аскерлерин топтошуна байланыштуу кризисте критикалык учурга жеткенин, АКШ жана Европадагы көпчүлүк Орусиянын Украинага каршы агрессиясын кайталоо планынан катуу тынчсызданып жатканын белгиледи.

Блинкен кризистин эң жакшы чечиминин дипломатия экенин жана ошондуктан орус кесиптеши менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын белгилеп, Орусия Украина менен тирешүүнү уланта берсе, «олуттуу кесепеттерге» алып келерин баса белгиледи.

Блинкен Орусия менен стабилдүү жана алдын ала ала турган карым-катнашты жактырышкандарын, мунун эки өлкө жана дүйнө үчүн эң жакшысы экенин белгиледи.

Лавров болсо өлкөсүнүн Украина чек арасындагы кризисти чечүүгө даяр экенин жана кагылышууну каалабагандыгын ишара кылып, НАТОнун мындан аркы кеңейүүсүнө алардын жообу Орусиянын мыйзамдуу коопсуздук кызыкчылыктарын камсыз кылуу болорун баса белгиледи.

Орусиянын тышкы иштер министри, акыркы убакта Европада чыңалуунун күчөгөнүн жана кырдаалды нормалдаштыруунун жалгыз жолу кызыкчылыктардын тең салмактуулугун табуу болорун баса белгилеп, Блинкен менен бүгүнкү жолугушуусунда бул маселе боюнча бир бүтүмгө келүүгө үмүттөнөрүн билдирди.



Тектеш кабарлар