Кения: «Африкага чек араларды жаппагыла»

Президент Кениата Omicron варианты боюнча эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады.

1741408
Кения: «Африкага чек араларды жаппагыла»

Кениянын президенти Ухуру Кениата, коронавирустун (Ковид-19) Omicron вариантынан улам Африка өлкөлөрү үчүн чек араларды жаппоого чакырды.

Кениата Omicron варианты боюнча эл аралык коомчулукка кайрылуу жасады.

Жаңы варианттан улам кабыл алынган чектөө чечимдерин сынга алган Кениата, Африка өлкөлөрүнө чек араларды жаппоого чакырды.

Кениата: «Биз чек араларыбызды африкалыктарга жаппайбыз»,-деди.

Чек араларды жабуу менен пандемияны алдын алуу мүмкүн эмес экенине көңүл бурган Кениата: «Биз баарыбыз коопсуз болмоюнча, эч ким коопсуз болбойт»,-деп айтты.

Ковид-19дун Omicron варианты кээ бир Африка өлкөлөрүндө аныкталгандан кийин көпчүлүк өлкөлөр Африкага эшигин жаба башташты.

25-ноябрда Түштүк Африка Республикасы менен Ботсванада биринчи жолу табылган жаңы варианттан кийин көптөгөн өлкөлөр чара көрүштү.

Өкмөттөр тарабынан көрүлгөн чаралардын алкагында Африканын 7 өлкөсүнө, Түштүк Африка Республикасына, Ботсвана, Эсватини, Малави, Мозамбик, Намибия жана Зимбабияга саякатка чектөөлөр киргизилди.



Тектеш кабарлар