Америкалык дипломаттар Орусиядан чыгып кетишет

Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйында, АКШ башкаруучулугунун орус дипломаттарга виза бербей жатышын сынга алды.

1741504
Америкалык дипломаттар Орусиядан чыгып кетишет

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова, Москвада 3 жылдан ашык жүргөн америкалык дипломаттардын 2022-жылдын 31-январына чейин өлкөдөн чыгып кетиши керектигин билдирди.

Захарова борбор шаар Москвада өткөргөн маалымат жыйында, АКШ башкаруучулугунун орус дипломаттарга виза бербей жатышын сынга алды.

Бул кыйынчылыктардан улам жооп иретиндеги кадам таштоого чечим чыгаргандарын белгилеген Захарова: «Москвада 3 жылдан ашык болгон америкалык дипломаттар 2022-жылдын 31-январына чейин Орусиядан чыгып кетиши керек»,-деди.

Захарова, Орусиянын мындай чечим кабыл албоо үчүн көптөн бери аракет кылганын жүйө кылып: «Бул биздин тандоо эмес экенин баса белгилегим келет. Америкалык өнөктөштөр бизге ушундай оюн таңуулашты. Биз көптөн бери маселенин конструктивдүү жолун табууга аракет кылып жатабыз, бирок алар өз тандоосун кылышты», -деп айтты.

Орусиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов, 27 орус дипломаттын үй-бүлөлөрү менен виза маселесинен улам АКШдан кете турганын 27-ноябрда билдирген болчу.



Тектеш кабарлар