АКШ Талибанга чакырык салды

АКШ делегациясынын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Катардын борбору Дохада талибдердин делегациясы менен жолугушуу өткөргөнү билдирилди.

1741494
АКШ Талибанга чакырык салды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Ооганстанды өз көзөмөлүнө алган Талибанды өлкөдө инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырды.

АКШнын Мамлекеттик департаменти, АКШ делегациясынын дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Катардын борбору Дохада талибдердин делегациясы менен жолугушуу өткөргөнүн жарыялады.

Билдирүүдө Ооганстандагы адам укуктарынын бузулушу талкууланган жолугушууда, Талибандын бардык оогандардын укуктарын коргоосу керектиги баса белгиленди.

Жыйында Талибанга Ооганстанда инклюзивдик өкмөт түзүү чакырыгы айтылды.

Америкалык аскерлер 20 жылдан кийин Ооганстандан чыгып кетиши менен талибдер өлкөнү 15-августта басып алышкан.



Тектеш кабарлар