НАСА космоско чыгууну кечеңдетти

НАСАнын билдирүүсүндө, кечеңдетүүнүн себеби катары космосто колдонулбай калган спутниктердин сыныктарынын коркунучу катары көрсөтүлдү.

1740813
НАСА космоско чыгууну кечеңдетти

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук Авиация жана Космос агенттиги (НАСА) пландалган космоско чыгууну кийинкиге жылдырганын билдирди.

НАСАнын астронавттары космос мейкиндигине чыгып иштебей жаткан антенна системасын алмаштырууну пландаштырышкан. Бирок астронавттар Томас Маршберн менен Кайла Баррондун космоско чыгуусу кийинкиге жылдырылды деп жарыяланды.

НАСАнын билдирүүсүндө, кечеңдетүүнүн себеби катары космосто колдонулбай калган спутниктердин сыныктарынын коркунучу катары көрсөтүлдү.

Космос калдыктары - бул адамдар тарабынан космосто калтырылган миссиясын аяктаган же начарлап кеткен спутниктердин жараксыз бөлүктөрү үчүн колдонулган термин.

Ракетанын сыныктары же боёк сыяктуу майда бөлүкчөлөр да космостук калдыктар болуп эсептелет.

НАСА Жер орбитасында 27 000ден ашуун сынык бар экенин жана кээ бир бөлүкчөлөрдүн өтө кичинекей экенин билдирди. Бирок бул сыныктардын кичинекей болсо да, абдан жогорку ылдамдыкта кыймылдаганы үчүн адам башкарган космостук учууларды жана роботтук миссияларды коркунучка салганы белгиленди.



Тектеш кабарлар