Германияда Түрк - Ислам Биримдигинин мечити ачылды

2017 - жылы башталып, 3000 чарчы метр аянтка курулган, пайдалануу аянты 600 чарчы метр болгон мечитте 150 киши бир убакта намаз окуй алат.

1740731
Германияда Түрк  -  Ислам Биримдигинин мечити ачылды

Германиянын Рейнланд - Пфальц аймагындагы Хаченбург шаарында курулган Түрк - Ислам Биримдигинин  Хижрет мечити азем менен ибадатка  ачылды.

Куран окуу менен башталган ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Түрк - Ислам Биримдигинин төрагасы Казым Түркмен мечиттердин коомго кошкон салымы чоң экенин айтты. Түркмен жашаган шаарларында кызмат кылган негизги бир коом экендерин белгилеп : «Бул жердеги жамаатыбыз чогулуу үчүн бир мечит керек эле. Жергиликтүү башкаруу жана шаардын тургундары  мечит курууга чечим чыгарды. Ишенимге таянган кызматташуу бардык деңгээлде улантылат. Германиянын эң чоң мусулман уюму болгон Түрк - Ислам  Биримдиги ар дайым Германияда жашаган мусулмандардын жана бардык коомдордун бейкуттугуна көңүл бурган бир уюм»,- деди.

2017 - жылы башталып, 3000 чарчы метр аянтка курулган, пайдалануу аянты 600 чарчы метр болгон мечитте 150 киши бир убакта намаз окуй алат.

Эки кабаттан турган комплексте намазкана, жыйындар залы, китепкана жана окуу бөлмөлөрү, ошондой эле 50 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай бар.



Тектеш кабарлар