Украинада Голодомор курмандыктары эскерилди

Аземге Украинанын президенти Владимир Зеленский, жубайы Елена Зеленская, премьер-министр Денис Шмыгал жана президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак катышты.

1739688
Украинада Голодомор курмандыктары эскерилди
holodomor.jpg
zelenskiy holodomor.jpg

Украинада миллиондогон адамдар Советтер Союзунун аймагында ачарчылыкка жана өлүмгө дуушар болгон Голодомор трагедиясынын курмандыктары эскерилди.

Баш калаа Киевдеги Голодомор эстелигинде өткөрүлгөн эскерүү аземинде 1932-1933-жылдардагы трагедияда каза болгондор үчүн дуба окулуп, бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскерилди.

Украин эли курман болгондорду эскерүү үчүн эстеликке шам жагып, тамак-аш калтырышты.

Аземге Украинанын президенти Владимир Зеленский, жубайы Елена Зеленская, премьер-министр Денис Шмыгал жана президенттик аппараттын жетекчиси Андрей Ермак катышты.

Зеленский жубайы экөө биринчи бөлүгү ачылган Голодомор музейине барышты.

Голодомор трагедиясы Украинанын тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири болуп эсептелет.

Украинын жерлеринде миллиондогон адамдар 1932-1933-жылдар аралыгында совет бийлиги тарабынан ачка калтырылып өлүмгө дуушар болгон.



Тектеш кабарлар